АКШ министри Зеленскийдин жаңы келишим боюнча сунушуна кескин жооп кайтарды

 Вашингтон Украина менен пайдалуу кен байлыктар боюнча келишим түзүү ыктымалдыгын мындан ары карабайт. Бул туурасында АКШнын финансы министри Скотт Бессент айтканын РИА Новости кабарлады.

Түндө Владимир Зеленский бул макулдашууга кол коюуга мурдагысындай эле даяр экендигин айткан эле.

«Зеленский болгону келип экономикалык макулдашууга кол коюп кетиши керек эле. Мунусу менен ал украин жана Америка элдеринин тыгыз байланышын ого бетер бекемдемек, мунун ордуна иштин ойронун чыгарып кетти», — деди ал.

Кеп болуп келе жаткан бул жааттагы келишимге кол коюу боюнча уюштурулган иш-чара башка өңүткө өтүп кетип, бүт дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурду. Зеленскийдин Ак үйдө АКШ президенти Дональд Трамп, вице-президент Жэй Ди Венске жолугушуусу кайым айтышуу менен аяктаган.

Анткен менен Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер жума күнкү жолугушуудан кийин Владимир Зеленскийден Ак үйгө кайра барып АКШнын президенти Дональд Трамп менен мамилени оңдоону суранганы маалым болду.

Related posts

КР УКМК: Бишкекте вебкам-студияларынын тармагын уюштурган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

admin

Кыргызстанда издөөдө жүргөн эки жаран Испания менен Россиядан кармалды 

admin

Байсалов Пакистан студенттеринин жатаканасына барып, бейбаштар үчүн кечирим сурады

admin

Комментарий