АКШда адамдын ичегисинен тирүү чымын табылды (сүрөт)

АКШда дарыгерлер 63 жаштагы бейтаптын жоон ичегисинде тирүү чымын таап чыгышты. Жаран пландуу текшерүүгө барган. Колоноскопия учурунда дарыгерлер таң калыштуу окуяга күбө болушкан. Бул тууралуу Tengri Life доктор Питерге шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматка караганда, дарыгерлер эле эмес, адам өзү да нес болгон. Ал эч жери оорубаганын, ыңгайсыздык болбогонун билдирген.

Дарыгерлер ал кишиден бир нече күн мурун эмне жегенин сурай башташкан. Ал процедурадан бир нече саат мурун суу гана ичкенин, бирок ага чейин салат менен пицца жегенин айткан. Жаран тамакта чымын болбогонун айткан. 

Дарыгерлер курт-кумурскалар салаттын курамындагы жашылчаларга чымындын жумурткасы болушу мүмкүн деп божомолдошкон.

Related posts

«Тормозни — Сникерсни!». Ташиев ундан «хайп» жасаган депутаттарга кайрылды

admin

Бишкекте мамлекеттик кызматка кирүүнү каалаган жаран 5 миң доллар берип, алданып калганын билген

admin

Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри кызматынан бошотулду

admin

Комментарий