АКШда чочконун бөйрөгү салынган адам ооруканадан чыгарылды

62 жаштагы Ричард Слейман генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун бөйрөгүн алмаштыруу операциясынан эки жумадан кийин ооруканадан чыгарылганын Би-Би-Си билдирди.

Слейман бөйрөк оорусу менен күрөшүп жаткандыктан, орган трансплантациясына муктаж болгон. Дарыгерлер 16-мартта төрт саатка созулган операция учурунда ага чочконун бөйрөгүн ийгиликтүү трансплантациялашты. Алардын айтымында, учурда бейтаптын бөйрөгү жакшы иштеп, диализге түшпөй калган.

2018-жылы ал өлгөн донордон адамдын бөйрөгүн алган, бирок өткөн жылы ал иштен чыгып, дарыгерлер чочконун бөйрөгүн алмаштыруу идеясын көтөрүп чыгышкан. Жаныбардын органы 69 геномдук өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Дарыгерлер эгер бөйрөк иштеп кетсе, мындай процедуралар дүйнөдөгү органдардын жетишсиздигин чечүү жолу болорун айтышкан.

Америка Кошмо Штаттарында эле 100 миңден ашуун адам органдын трансплантациясын күтүп жатат, алардын 17си күн сайын күтүп жатып каза болот.

Related posts

Айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт — 6-майга карата аба ырайы

admin

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди

admin

19-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий