Америка Кошмо Штаттарынын Жаңы Орлеан эл аралык аэропортунда кызык окуя болду. Southwest Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчүсү авариялык эшикти ачып, учактын канатынан секирип кеткен.
Бактыга жараша, бул учуп бара жаткан учурунда эмес, учак учуп кетүү тилкесинде турган учурда болгон. Маалым болгондой, адам авариялык чыгууну ачып, учактын канатына чыккан. Окуянын күбөлөрү коомдук тартипти бузган адам булдуруктап сүйлөп, кайсы жерде жүргөнүн билбегенин айтышкан.
Эркек киши текшерүү үчүн жергиликтүү медициналык мекемеге жеткирилген. Ал киши психикалык жактан оорулуу деп табылган, ошондуктан ал кармалган эмес жана жоопко тартылбайт.