АКШда жүк ташуучу кеме сүзүп кеткен көпүрө кулап калды (видео)

Балтимордо (Мэриленд штаты, АКШ) узундугу 2,57 чакырымдык болгон унаа көпүрөсү жүк ташуучу кеме сүзүп кеткен соң сууга кулап түшкөнүн The Telegraph басылмасы жазды.

«Окуядан улам бардык тилкелер эки тарапка тең жабылган», — деп айтылат Мэриленд транспорт башкармалыгы билдирүүсүндө. Шаардык өрт өчүрүү кызматынын өкүлүнүн айтымында, кеминде 7 унаа сууга түшүп кеткен. Окуя болгон жерде куткаруу иштери уланууда. Көпүрө 1977-жылы курулган. 

Related posts

Нурланбек Шакиев: Мамлекеттик гимн жазга чейин өзгөрөт

admin

1-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кыргызстан менен Өзбекстан президенттеринин жолугушуусу башталды 

admin

Комментарий