АКШдан чыгарылчулардын арасында СССР, Югославия, Чехословкиянын жарандары бар

АКШда 2024-жылдын ноябрына карата СССР менен Югославиянын 1 182 жараны өлкөдөн чыгарылмак. Бул тууралуу Американын иммиграциялык жана бажы полициясынын (ICE) маалыматында айтылганын РИА Новости жазды.

Декабрда Fox News телеканалы полицияга кайрылып, АКШдан депортацияланчу, ошол эле убакта укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болбогон чет элдиктердин санын сураган. Ведомствонун маалыматы боюнча, 1 445 549 адам өлкөдөн чыгарылмак. Булардын арасында картада жок Югославиянын — 845, СССРдин — 337 жана Чехословакиянын 254 жараны бар экени белгилүү болгон.

Мындан тышкары, тизмеде Кыргызстандын 319, Россиянын 3 518 жараны да бар.

Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп кызматына киришкен биринчи күнү эле өлкөгө мыйзамсыз киргендердин агымын токтотуп, миллиондогон мигрантты экстрадициялоо процессин баштай турганын убадалаган. Ошол эле учурда өлкөнүн түштүк чек арасындагы кырдаалдан улам жалпы улуттук өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Related posts

Кумтөр Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы социалдык жактан муктаж үй бүлөлөргө жардам көрсөттү

admin

КР УКМК: Контрабандалык жүктү кармоо фактысы боюнча

admin

«Күч органдары жашыруун камераны «колхозчо» коймок эмес». Садыр Жапаров чайханада табылган камера боюнча үн катты

admin

Комментарий