АКШлык эксперт: Трамп Россияны коркутканы менен таасир этчү эч куралы жок

АКШнын президенти Дональд Трамп кызматка киришкенден кийин Владимир Путинге ультиматум койгону менен Россияга да, Украинага да таасир этчү эч кандай куралы жок. Бул тууралууЕвропа саясатынын анадлиз борборунун демократиялык туруктуулук боюнча директору Сэм Грин билдиргенин The Hill гезити жазды.

Анын айтымында, эгер Трамп Россияга таасир этүүнү көздөсө, Европа менен биримдикте болушу керек.

«Чындыгында Трамптын жана бүтүндөй АКШнын бул жаңжалда эки тарапка тең таасир эте турчу нерселери жок», — деп айтылат макалада.

Трамп буга чейин Россияга зыян келтиргиси келбей турганын айтып, Украинадагы атайын аскердик операцияны токтотууга чакырган. Антпесе жаңы санкциялар салынып, Россиядан АКШга кирген товарларга бажы төлөмдөрү киргизилет деп коркуткан.

Мамлекеттик Дума Америка президентинин сөзүнө комментарий берип, эгер ал Россияга ультиматум коюуну чечсе, анда жаңылыш жана туюкка кептеген стратегияны тандап алганын билдирди.

Related posts

«Тазалыктын» директору Рамиз Алиев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

admin

Садыр Жапаров «Каркыра» тоо-эс алуу комплексинин курулушун баштап берди (сүрөт)

admin

Кыргызстандык куткаруучулар эртең Түркиядан кайтып келишет

admin

Комментарий