Актан Арым Кубаттын «Эсимдеси» «Евразия» эл аралык сынагына катышат 

Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Евразия» эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Евразия» XVI эл аралык кинофестивалы 2022-жылдын 12-18-декабрь аралыгында Алматы шаарында өтөт.

Кинофестиваль эки конкурстук программада болору айтылды:

эл аралык сынак — Евразия континентинин аймагында акыркы 12 айдын ичинде тартылган 15 толук метраждуу көркөм тасма;

улуттук сынак — 2021–2022-жылдары тартылган 15 казак көркөм тасмасы.

Фестивалдын жеңүүчүлөрү төмөнкү номинациялар менен аныкталмакчы:

«Мыкты тасма»;

«Эң мыкты режиссердук иш»;

«Эркектин ролун мыкты аткаруу»;

Аялдын ролун мыкты аткаруу»;

Калыстар тобунун атайын сыйлыгы.

Эске салсак, режиссер Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы быйыл эле Борбор Азия киноакадемиясы үчүн сыймык болгон «Азия Оскарын» алган.

Ошондой эле эл аралык сынакка Кыргызстанда тартылган Ким Ки Дуктун акыркы «Кудайдын чакырыгы» тасмасы да коюлган. Анда башкы ролдордун бирин кыргыз актеру Абулай Маратов аткарган.

Related posts

УКМК: «Аксыда акча талап кылган акушер кармалды» 

admin

Депутат Самыйкожо: «Окуучуларга сабак учурунда телефон колдонуусуна тыюу салынышы туура»

admin

Суучул Денис Петрашов Олимпиада оюндарына катышууга лицензия жеңип алды

admin

Комментарий