Бүгүн, 19-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевменен коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Акыркы сапарга узатууга бийлик өкүлдөрү, маданият ишмерлери, кесиптештери, жакындары жана күйөрмандары келишти. Андан ары актёрдун сөөгүн жайына коюу үчүн «Ала-Арча» көрүстөнүнө алып кетишти. Бул анын акыркы керээзи болчу.