Актер Азиз Мурадиллаевге жакын туугандарынын бири донор болот

Актер Азиз Мурадиллаевге жакын туугандарынын бири донор болот. Бул тууралуу коомдук ишмер  Ассоль Молдокматова Фейсбук баракчасына жазды.

«Азиз Мурадиллаевге 2 күндүн ичинде 10 миңден ашык адам донор болуп берерин айтып, кат жазышты. Бирок ага операция жасалганы жаткан Түркиянын мыйзамдары боюнча ага жакын тууганы гана өз органын бере алат экен. Учурда анын 4 жакыны анализдерди тапшырууда», — деди ал.

Эскерте кетсек, Ассоль Молдокматов буга чеийин актер боор оорусунан улам реанимацияга түшкөнүн ага жардам керек экенин жазгандан кийин, кайдыгер эмес жарандар 3 000 доллардан ашуун каражат чогултушкан. Андан тышкары, президент Садыр Жапаров да 42000 доллар бергени маалым болгон.

Related posts

Айгүл Жапарова Араб Эмираттарына барды (сүрөт)

admin

Ошто 5 жашар кыздын бетине сайылып калган кайчыны дарыгерлер алып чыгышты 

admin

Акылбек Жапаров «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

admin

Комментарий