Активист Илгиз Шаменов “Азия Моллдогу” окуя боюнча милицияда сурак берип чыкты

Бишкектеги “Азия Молл” соода борборунан машинесинен жардыруучу зат табылганын айтып чыккан ишкер Илгиз Шаменов Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө сурак берип чыкканын “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, милиция анын акыркы убактарда кайда барганын, ким жардыргыч зат коюшу мүмкүн экенин сураган.

Азырынча милиция бул боюнча маалымат бере элек. Буга чейин “Азия Моллдогу” окуя тууралуу толук маалымат бир аздан кийин болорун билдирген. Айрым жергиликтүү сайттар булактарына таянып машинеден граната табылганын жазып, видеосун жарыялап жатышат.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү бүгүн, 11-августта саат 13:56 чамаларында “Азия Молл” соода борборунан бомба бар экени жөнүндө анонимдүү маалымат түшкөнүн маалымдаган. Соода борборго ыкчам-тергөө топ келип, жарандар сыртка чыгарылган.

Шаменов машинесинен жардыруучу затка окшош буюм (граната) табылганын айткан. Ал Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. Балык чарба жаатында ишкерлик жүргүзөт жана Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы болуп келген.

Булак: Азаттык

Related posts

Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берди 

admin

УКМК: Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоо фактысы боюнча З.Т.И. аттуу КР жараны кармалды

admin

Иса Ахунбаевдин кызы баштаган небере-чөбөрөлөрү Ысык-Көлдөгү кичи мекенине мааракеге келишти

admin

Комментарий