Үстүбүздөгү жылдын март айынын башында Атыр Абдрахматова Акыйкатчы кызматына дайындалган. Бирок арадан дээрлик сегиз айдан ашык убакыт өтсө деле акыйкатчы айымдын көзгө көрүнөөрлүк иштери көрүнбөй жарандардын нааразычылыгын гана жаратып келет. Төмөндө Акыйкатчы институтунун мурдагы кызматкерлери КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматовага чара көрүү өтүнүчү менен өлкө жетекчилигине кайрылышкан. Алар өз кайрылуусун КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, КР Башкы прокурору Курманкул Зулушевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевге жолдошту.
“Атыр Абдрахматова Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы катары өзүнүн ишмердүүлүгүн Администрациянын имаратына киргенден эле биздин бүтүндөй ынтымактуу жамаатка агрессивдүү мамиле жасады. Презентация болгон күнү биздин Кыргызстандын Акыйкатчысы Аппаратынын бардык мүчөлөрүнүн, команданын ардагерлеринин, жаш адистердин, катышуусунда А.Абдрахматова биздин ишмердүүлүгүбүздүн сабатсыздыгы тууралуу орой жана негизсиз айыптоолорду айтты. А. Абдрахматова өз кызматына киришпей жатып эле жалпы жамааттын профессионалдуулугунан биздин коллекттивдин бардык мүчөлөрүнүн жарамдуулугунан күмөн санап негизсиз сындарды, кекетүүлөрдү, коркутууларды айта баштаган. Биздин арабызда мындан туура 20 жыл мурун түзүлгөн Кыргызстандын Акыйкатчысы институтунун түптөлүшүнүн башында тургандар бар. Кыргызстандагы Адам укуктарын коргоо институтунун тарыхына кызыгып убара болбой, А.Абдрахматова команданын бардык мүчөлөрүн жамандап, шыбай баштады. Ошол эле учурда Кыргызстандын Акыйкатчысы А.А.Абдрахматова Аппаратынын иш-аракеттери жана башкаруу усулдары кызматкерлердин арасында гана эмес, өлкөнүн жогорку жетекчилигинин арасында, эң негизгиси арыз ээлеринин өздөрүнүн арасында да көптөгөн суроолорду жаратууда.
Бирок мунун баарын Акыйкатчы институтунун жамааты А.Абдрахматованы каралоо максатында эмес, анын жүрүм-туруму, өлкөнүн жогорку жетекчилигинин адамдарына болгон мамилеси тууралуу гана кайрылууда билдирмекчи.
Негизсиз болбошу үчүн, жетекчинин адамкерчилиги, жамааттын мүчөлөрүнө болгон мамилесине токтололу.
А.Абдрахматова эмгектин алгачкы күндөрүндө эле эмгек жамаатка болгон терс мамилеси аялдарды 8-март майрамы менен куттуктаган учурда даана байкалып калды.
А.Абдрахматованын кызматкерлерге карата орой мамилеси жана дээрлик орой жүрүм-туруму, сүйлөшүүдө алардын сөзүн бөлүп, түртүп, кеңседен түртүп жибериши анын тарбиясына байланыштуу көптөгөн суроолорду жаратууда.
Ал өзү келүүгө ниеттенген команданын сейрек кездешүүчү жалпы чогулуштарында, биздин команданын мүчөлөрүнө, бизди уккусу келбеген, биздин көйгөйлөрүбүзгө тереңдеп киргиси келбеген, ага сый-урмат көрсөтпөй, четке каккан текебердик менен кайрылууга жол берет.
Эгерде биз фактыларга кайрыла турган болсок, анда ишкананы, коллективди, мекемени башкаруу — бул уюштуруу жагынан гана билимди эмес, экономикалык даярдыкты, кадрлар менен иштей билүүнү, бухгалтердик эсепти, этиканы жана башкарууну талап кыла турган иш экендигин сиздердин назарыңыздарга белгилей кетели. Башкаруучулук кесипте укуктук сабаттуулук адамдык мамилелерди куруу көбүрөөк керек.
А.Абдрахматова мамлекеттик бюджетте корголгон «кварталдык сыйлык» беренелери боюнча эмгек жамаатын татыктуу эмгек акысынан ажыратуу аракети да жамаат акыйкатчы айымдын кызматтык ишмердүүлүгүндөгү мүчүлүштүктөр экенин баса белгилешкен арыздануучулар.
“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова да бүгүнкү башкы Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын ишмердүүлүгү тууралуу пикирин соц тармактарга жарыялаган.
“Акыйкатчы институту кадрдык системалык бузууларды аныктап, сөзсүз түрдө талдоо жүргүзүп, билдирүү жасашы керек. Толугу менен демилгеленген “ММКлар жөнүндө” жана “БӨУлар жөнүндө” деген эки мыйзам долбоорлору тууралуу акыйкатчы ачык айтышы керек. Тез арада Венеция комиссиясына корутунду алуу үчүн кайрылуусу шарт. Жада калса чет өлкөлүктөр, элчилер, эл аралык уюмдар билдирүү жасашты, биздин башкы укук коргоочу унчукпай, Венецияга кайрылуудан баш тартып үн катпай отурат. Өкүнүчтүүсү, Атырга караганда КГБнын мурдагы генералы Мамытов пиар менен алектенбей акыйкатчылык кызматты жакшы иштеген экен,» деп жазды.
Мындай нааразылыктардан соң Акыйкатчыга болгон ишеним кетип иштин көзүн билген жетекчилик кызматка жөндөмү бар профессионалдар келсе болмок деген өкүнүч ойлор жаралбай койбойт.