Акылбек Жапаров: Бишкек менен Ошто мектеп, бала бакча кургандарга жерди бекер беребиз

Бишкек жана Ош шаарларында мектеп, бала бакча кургандарга жер бекер берилип, инфраструктурасы акысыз киргизилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖКнын Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эки калаанын мэрлерине жерлерди 2023-жылдын 1-февралына чейин инвентаризациялоо тапшырмасы берилген.

«Канализация, суу, светин дагы акысыз алып келип беребиз. Бирок бала бакча, мектепти жеке бизнеске беребиз. Мындай жол менен кетпесек болбой жатат. Эмдиги жылы Кыргызстан боюнча 800гө жакын жаңы бала бакча ачылат. Анын 560ы үч саат иштейт, беш саат иштегендери да бар. Тамак ичпей эле мектепке даярдашат. 247си бир смена менен окуган мектептер, аларды эки смена кылып жарым убактысын бала бакча кылабыз. Бирок ошол дагы жетпейт, мектепке даярдай турган бир миллиондой бала бар бизде. Ошондуктан айылда дагы чоң үйлөрүнө бала бакча ачам дегендерге да уруксат берип атабыз», — деди Жапаров.

Ал эми окуу куралдарын алууга республикалык бюджеттен каражат каралганын белгиледи.

Related posts

«Пейилиңерден айланам». Бишкектин жолун оңдоп жаткан жумушчуларга тамак жана суусундук алып барышты

admin

Балыкчыда 13 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

admin

Кыргызстанда кант кызылчасын жыйноо 98,3% аяктады

admin

Комментарий