Акылбек Жапаров: Биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө кызыкдарбыз

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды, — деп кабарлайт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, «Альфа Телеком» жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Huawei Technologies Bishkek Co. Ltd. менен биргеликте MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунан 5G сыноо зонасын ишке киргизди жана Бишкек шаарында бешинчи муундагы технологиялардын биргелешкен көргөзмөсүн ачты.

Министрлер кабинетинин башчысы павильондо санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктер, анын ичинде 5G технологиясынын иштөө модели, виртуалдык реалдуулук системасы, 5G Industrial тармагынын базасында иштеген өнөр жай роботунун иштеши менен таанышты.

Акылбек Жапаров республикада 5G технологиясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө, байланыш операторлоруна аталган тармактарды жайылтууга көмөк көрсөтүүгө кызыкдарбыз. Тиешелүү мамлекеттик органдар бул багытта олуттуу иштерди жүргүзүүсү зарыл», — деди ал.

5G технологиялары маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыздайт, мамлекеттик кызматтарды жана бүтүндөй экономиканы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, өндүрүш процесстерин оптималдаштырууга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы санариптик чечимдерди жакшыртууга таасирин тийгизет.

Related posts

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 23 жаштагы кыз табылды

admin

Кыргыз өкмөтү экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборун түздү

admin

Лейлекте «Кайрагач» чек ара заставасынын ачылыш аземи өттү

admin

Комментарий