Кумтөр долбоорунун мамлекетке өтүшүнөн улам толук эмес 3 жылдын ичинде Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 77 млн доллардан ашты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы, 2024-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде билдирди.
“Тоо кен тармагында Президентибиз Садыр Жапаровдун көрөгөчтүгүнүн жана саясий эркинин аркасында революциялык эмес, эволюциялык окуялар болду – 30 жылдан бери биринчи жолу иш жүзүндө Кыргыз мамлекетинин экономикалык, улуттук жана экологиялык кызыкчылыктары корголду. 27 жылда 400 тонна алтын өндүрүп, бирок болгону Кумтөрдөн 100 млн долл дивиденд алсак, азыр 2,5 жылда 38 тонна алтын өндүрүп – 291 млн долл дивидент алдык, ал эми салыктык ж.б. төлөмдөрдөн бюджетке 3 жылда 990 млн долл түштү”, – деди Акылбек Жапаров.
МинКаб Төрагасы ошондой эле өлкө тарыхында биринчи жолу геологиялык чалгындоого 1 млрд сом бөлүнгөнүн кошумчалап, тоо-кен ишканалары өлкөгө 3 жылда 111 млрд сом киреше бергенин билдирди.
“2030-жылга чейинки келечекте. Урматтуу депутаттар, дүйнөдө критикалык минералдар деген термин пайда болду. Ал эми Кыргызстандын аймагында ата мекендик геологдор тарабынан 5000ден ашык пайдалуу кендер ачылган, баскан жерибиз азырынча адамдын колу тие элек байлык, жер астындагы кендерибиздин геологиялык-экономикалык потенциалы – жүздөгөн млрд долларлык байлыктар”, – деди ал.