Акылбек Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевге 100 миң сом тапшырды

9-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевден кабар алды.

Ал ардагерди Жеңиш күнү менен куттуктап, анын көрсөткөн эрдигине, кайраттуулугуна жана баатырлыгына ыраазычылык билдирди. Президент Садыр Жапаровдун атынан ардагерге президенттин фондунан бөлүнгөн 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Акылбек Жапаров ардагер Аспек Жумашевге чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Аспек Жумашев 1924-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кызыл-Берлик айылында туулган. 1942-жылы армияга чакырылган. Ардагер II даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана юбилейлик медалдар менен сыйланган.

Related posts

Чүйдө аял өзү короткон акчаны каракчыларга шылтаган деп шектелүүдө

admin

УКМК: Милиция баңги зат менен «подстав» уюштуруп, күнөөсүз адамды каматкан

admin

Чүйдөгү мүрзөлөрдүн биринен курал-жарактар табылды (сүрөт, видео)

admin

Комментарий