Акын Болот Назаров бейтааныш адамдын жылкысын тартып алган деген шек менен кармалды

Төкмө акын Болот Назаров бейтааныш адамдын жылкысын тартып алган деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

ИИМ маалымат кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 7-ноябрь күнү Москва РИИБке Беловодское айылынын тургуну 1968-жылы туулган М.И. арыз менен кайрылган.

Арызында 7-ноябрь күнү түштөн кийинки убакытта Москва районунун Чон-Арык айылынын тааласында белгисиз эркек киши жаш өспүрүм баласы 2008-жылы туулган М.Ю. минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, анан мингенден кийин баласына күч колдонуп айгырын минген боюнча, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган. Аталган факт Москва РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон.

9-ноябрь күнү Москва РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адам 1993-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран экендиги такталып, ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Уурдалган жылкы буюм далили катары алынган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Related posts

How to Use Auto AF Fine Tune on Your Nikon DSLR the Right Way

admin

В ходе спецоперации в Бишкеке ликвидирован кримавторитет Камчы Кольбаев

admin

The Art of Photography as Therapy for Your Clients

admin

Комментарий