Акын Түгөлбек Оторбаев көз жумду – НЕКРОЛОГ

Белгилүү акын  Оторбаев Түгөлбек  (Качкын Оторбаев, Түгөлбек Турпан уулу)  бүгүн 82 жаш курагында дүйнө салды.

Ал Жумгал районунун Багышан айылында 2942-жылы 15-июлда туулган.  1959-жылы Чаек орто мектебин, 1964-жылы Фрунзедеги  политехникалык институтунун механикалык факультетин ийгиликтүү аяктап, автомобиль транспорту боюнча инженер-механик деген кесипке ээ болуп, Фрунзедеги 1-жүргүнчүлөр автопаркында механик болуп 1965-жылга чейин иштеген.

1965–1966-жж. жүргүнчүлөр автотрестинде бөлүм башчы, 1966–1969-жылдары  Панфилов районундагы автобазанын башчысы, 1969–1977-жылдары  Жумгал районунун автоба-занын жетекчиси, 1978–1991-жылдары Кант районундагы жүк ташуучу автобазанын директорунун орун басары, 1991–1992-жылдары  Кант районунун жүргүнчүлөр автобазасынын директору, 1992-жылдан Мамлекеттик техникалык инспекциясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2010-жылы Бишкек шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын алган.

1955-жылы Жумгал районунун «Социалисттик мал чарба» деген гезитине «Почтальон Токтосун» деген биринчи ыры жарык көргөн. Кийин райондук, республикалык гезит-журналдарга макалалары, ырлары жарык көрүп, 1962-жылдан «Чалкан» журналына сатиралык ырлары басылып турган.

2003-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Ал бир нече китептердин автору:

  • Жумгал дастан: Ырлар, санжыра, айтыш, поэма, очерк, новелла, эссе. Жумгал дастан: Ырлар, санжыра, айтыш, поэма, очерк, новелла, эссе.
  • Жумгал дастаны: Ырлар, санжыра, айтыш, поэма, очерк, новелла, эссе.
  • Мидин минткен экен (1-китеп): Ырлар, экспромт сөздөр, сатира.
  • Мидин эл арасында: Ырлар, экспромт сөздөр .

Акын Түгөлбек Оторбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2024-жылдын 8-январында  Нарын облусундагы Жумгал районунун Куйручук айылында өтөт.

Акындын замандаштары, жакындары, достору, санаалаштары үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Редакция жамааты да акындын үй-бүлөөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

Related posts

«2 жылдан кийин бүтөт». Садыр Жапаров Ороктогу жаңы стадиондун курулушу тууралуу айтты

admin

18-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Жапаров Түркиядагы адам өмүрүн алган зилзаладан улам Эрдоганга көңүл айтты 

admin

Комментарий