Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептерде акыркы коңгуроо 29-майда кагылат. Мындай чечим март айында жазгы каникулдардын узартылышына байланыштуу кабыл алынды.
Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чаралар бардык мектептерде саат 9:00дө башталат. Тийиштүү буйрук бардык мектептер үчүн бирдей.
Ошондой эле ата-энелерден акча чогултууга, бүтүрүү кечелерин кафе-ресторандарда өткөрүүгө жана жаратылышка эс алууга чыгууга тыюу салынды.
2-июндан тарта мектептерде бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясы башталып, 13-июнга чейин уланат.
9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн экзамендердин графиги:
2-июнь — математика;
5-июнь — эне тили жана адабияты боюнча изложение;
9-июнь — мамлекеттик тил боюнча комплекстүү тест;
12-июнь — Кыргызстандын тарыхы.
11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн экзамендердин графиги:
2-июнь — эне тили жана адабияты боюнча эссе;
5-июнь — математика;
9-июнь — Кыргызстандын тарыхы;
12-июнь — мамлекеттик тил боюнча комплекстүү тест.
Дене тарбия сабагы боюнча нормативдерди тапшыруу 14-майдан 22-майга чейин өткөрүлөт.