«Акыркы сабак» сериалындагы Кутман Айылчиев менен Океана Урматбек наристе күтүп жатканын ачыкташты. Алар кубанычтуу кабарын социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөт менен бөлүшүштү.
«Биз ата-эне болобуз. Кичинекей үй-бүлөбүз чоңоюп жатат. Сезимдерибизди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Биз сени күтүп жатабыз”, — деп жазышты алар.
2022-жылдын 5-июль күнү Кутман Айылчиев сүйүктүүсүнүн колун сурап макулдугун алган видеосун соцтармактагы баракчасына жүктөгөн. Ал эми 19-августта Океананын кыз узатуу тою өткөн. 21-августта үлпөт той болгон.