Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду

 Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.

Махмудов 77 кг салмакта мелдештин тандоо турунан, башкача айтканда, 1/16 финалынан баштап катышты. Ал финалга чейин бразилиялык балбанды 11:1, мексикалык спортчуну 8:0, түркиялык спортчуну 9:7 жана кореялык балбанды 4:1 эсебинде жеңген.

Финалда Акжол венгриялык Золтан Леваиге каршы килем үстүнө чыкты. Күрөш башталары менен кыргыз балбаны атаандашын эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Акжол Махмудов буга чейин Токио Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси жана Азиянын эки жолку чемпиону (2018, 2022-жылы) болгон.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

 Булак: Кабар

Related posts

К.Иманалиев: Бирөөнү да Кыргызстанга алып келейин деген оюн окуган жокмун

admin

Орусиядагы аэропортто кыргызстандык аял 600 миң рубль акчасын уурдатты 

admin

КР УКМК: «Отель Евразия» ЖЧКсына таандык жалпы аянты 20 гектардан ашуун, базар баасы 729 миллион 682 миң сом болгон жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлдү

admin

Комментарий