Акжол Махмудов Польшада өтүп жаткан рейтингдик турнирдин финалына чыкты

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан “Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open” атындагы рейтингдик турниринин финалына чыкты.

Спортчу 77 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде катышып биринчи раундда украиналык Виктор Политаевди 12:2 ири эсебинде артта калтырды. Экинчи раундда Африка чөлкөмүнүн үч жолку чемпиону, алжирлик Абделкерим Уакали аттуу балбанды 9:1 эсебинде жеңди. Үчүнчү раунд колумбиялык Алексис Куэро менен өткөрүп, жыйынтыгында 12:1 эсебинде жеңип финалга чыкты.

Ал эми чечүүчү алтын үчүн беттешин польшалык Патрик Беднарц менен өткөрөт. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Польшада өтүп жаткан рейтингдик турнирге катышып жатат. 19-июнь күнү башталган мелдеш 24-июнда жыйынтыкталат.

Related posts

Иш күнү деп жарыяланган ишемби күндөр дем алыш болот

admin

Улуу Британиянын жаңы падышасы Карл III болду

admin

КР УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылган дагы бир фактыга бөгөт коюлду

admin

Комментарий