Акжол Махмудов Польшада өтүп жаткан рейтингдик турнирдин финалына чыкты

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан “Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open” атындагы рейтингдик турниринин финалына чыкты.

Спортчу 77 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде катышып биринчи раундда украиналык Виктор Политаевди 12:2 ири эсебинде артта калтырды. Экинчи раундда Африка чөлкөмүнүн үч жолку чемпиону, алжирлик Абделкерим Уакали аттуу балбанды 9:1 эсебинде жеңди. Үчүнчү раунд колумбиялык Алексис Куэро менен өткөрүп, жыйынтыгында 12:1 эсебинде жеңип финалга чыкты.

Ал эми чечүүчү алтын үчүн беттешин польшалык Патрик Беднарц менен өткөрөт. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Польшада өтүп жаткан рейтингдик турнирге катышып жатат. 19-июнь күнү башталган мелдеш 24-июнда жыйынтыкталат.

Related posts

Бишкектеги хостелде чыккан мушташ: Чет өлкөлүк студенттерди карактаган шектүүлөр кармалды

admin

КР УКМК: Чүй облусунда 2,13 гектар жер тилкеси бар өнөр жай объектиси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

admin

Тоолорго кар түшөт! Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт 

admin

Комментарий