«Ала-Тоо» аянтындагы желек айрылып калганбы? Мэрия маалымат таратты

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирет. Буга чейин социалдык тармактарда борбордук «Ала-Тоо» аянтында желек айрылганы тууралуу маалымат кызуу тараган. Окуя болгон жерге мэрдин орун басары Рамиз Алиев жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору барып, мамлекеттик желек бүтүн экени аныкталган.

Муниципалитет ЖМКларда жана социалдык тармактарда текшерилбеген маалыматтарды таратуу учурлары көбөйүп жатканын белгилейт. Кыргыз Республикасынын “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн ылайык, Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматтарды жайылтууга жол берилбейт. Бишкек шаарынын мэриясы коомчулукту адаштырбоого жана туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырат.

Маалымат үчүн: “Ала-Тоо” аянтындагы желек “Тазалык” ишканасынын балансында, 2023-жылы ишкана тарабынан 17 жолу реставрация жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги 6 жолу алмаштырылган.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду күтүүнүн тартиби «Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду күтүү тартиби жөнүндө» жобо менен белгиленет.

Related posts

Иш күнү деп жарыяланган ишемби күндөр дем алыш болот

admin

Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен барат

admin

УКМК: Баткен облустук бириккен ооруканасынын жана үй-бүлөлүк медицина борборунун жамааты менен жолугушуу өткөрүлдү

admin

Комментарий