Алимент төлөбөгөн аталардын айынан Кытайда жаңы тренд пайда болду

Алимент төлөбөгөн аталардын айынан Кытайда жаңы тренд пайда болду. Кандайча деп жатасызбы? Бул тууралуу China Women’s News басылмасы жазды.

Кытайда ажырашкан аялдар соцтармактагы баракчасында «ажырашкан өнөктөш издейм» деген билдирүүлөрдү жарыялай башташты. Мындай өнөктөш болууну максаты — балдарды багуу жана кароо чыгымын бөлүү үчүн жалгыз бой аялдарды бириктирүү. Муктаждык болсо, ажырашуудан кийин келип чыккан кыйынчылыктар себеп болгон. Буга кошумча эки ажырым жолго түшкөн соң, статистикага ылайык, аялдардын 59,4 пайызы мурдагы күйөөсүнөн алимент ала албай келишет. Никеден тышкары союз түзүүдө аялдын бири иштесе, экинчи аял балдарды карайт. Мындай альянстын баары эле ийгиликтүү боло бербегени да маалымдалган. Себеби мыйзамда мүлк талаш жана укуктардын корголушу сыяктуу жагдайлар азырынча каралган эмес.

Кытайдын социалдык илимдер академиясынын изилдөөчүсү Чэнь Ицзюнь жакыр жалгыз бой аялдар өзгөчө шаарларда жаңы аярлуу топко айланып бара жатканын билдирген. «Мындай топко ажырашканга чейин толугу менен күйөөсүнөн көз каранды болгон жана билими жоктор кирет. Алардын экономикалык көз карандысыздыгы өтө төмөн, ошондон улам да жашоосун тың алып кетүү оор», — деген ал.

Related posts

Блогер Батмакан Жолболдуева кайра кармалды. Ал бул жолу акча талап кылууга шектелип жатат

admin

Камчыбек Ташиев Джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон УКМК кызматкерине “ЭРДИК” төш белгисин тапшырды

admin

«Өлтүрүп туруп, карматып коюшту». Бишкекте атасы тишин тазалатканы алып барган 3 жашар кыз чарчап калды

admin

Комментарий