All Eyes on Rafah. Эмне үчүн бул постту соцтармакта көпчүлүк бөлүшүп жатат?

Дүйнөлүк коомчулук All Eyes On Rafah (кыргызчага «Баардыгынын көзү Рафахта» деп которулат) деп аталган масштабдуу флешмобго катышып жатат. Сүрөттө качкындар үчүн чатырлар чагылдырылган. Бул аталыш коштолгон хештег соцтармакта жүз миңдеген билдирүүлөрдү камтыйт. Жалпы жонунан, бул кампания Газа тилкесиндеги кырдаалга көңүлдү бурууга багытталганын Tengrinews.kz басылмасы жазды.

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында жайгашкан качкындар лагеринде 1,5 миллиондой адам бар. Лагердеги адамдар гуманитардык жардамга өтө муктаж экендиги маалымдалып келет. 26-май күнү кечинде Израиль Рафах шаарын аткылап, анда 50дөй киши каза болгон. Набыт болгондордун арасында аялдар жана балдар бар. Бул аткылоодон кийин Европалык биримдик Израиль менен мамилесин карап чыгууну чечсе, эл аралык сот Израиль Рафахка аскердик чабуул жасоону токтотушу керектиги боюнча бүтүм чыгарды. Ага чейин ушундай эле чечимди БУУнун эл аралык соту да чыгарган.

All Eyes On Rafah (кыргызчага «Баардыгынын көзү Рафахта» деп которулат) деген чакырык Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун кызматкери Рик Пиперконго таандык деп айтылууда. Ал мындай комментарийди ушул жылдын февраль айында Изралдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхунун ХАМАСтын калган ордун жок кылуудан мурда Рафах шаары үчүн эвакуация планын иштеп чыгууну буюргандан кийин айткан.

Related posts

5-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Токойлорду жана жайыттарды калыбына келтирүү. Кыргызстанда маалыматтык кампания өттү

admin

Екатеринбургда мигранттарды шылдыңдоо окуясы текшерилет

admin

Комментарий