Алматыда бомба тууралуу маалыматтан улам 29 мектептин окуучулары эвакуацияланды 

Бүгүн, 20-апрелде Orda.kz сайтынын редакциясына Алматыдагы 29 мектепте теракт даярдалып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Orda.kz кабарчысы шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылган. 

«Шаардагы бир нече орто мектептерде бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Мындай билдирүүлөргө алгачкы чара көрүүнүн алкагында учурда шаардын өзгөчө кырдаалдар кызматы аталган объекттерде иштерди жүргүзүүдө. Буга чейин бир нече мектептер текшерилген, маалымат жалган болуп чыккан. Иш уланууда», — деп билдиришти ШИИБдин басма сөз кызматынан.

Маалым болгондой, айрым билим берүү мекемелеринде сабактар ​​токтотулса, айрымдарында кийинкиге жылдырылды.

Related posts

Садыр Жапаров: «Айтпаса адамдын жанын кашайтасыңар. Жетим-Тоону азыр иштетели деген эч ким жок»

admin

Сузакта ата менен бала иске ууланып, атасы көз жумду

admin

Футбол: Кыргызстан кытайлык Тайбэйди 5:1 эсебинде жеңди

admin

Комментарий