Алматыда таңга жуук хостелде өрт чыгып, 13 адам каза болду

Алматыдагы өрттөн 13 адам истен каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар департаментине шилтеме берүү менен Tengrinews.kz жазды.

30-ноябрда саат 05:33тө Алматы шаарындагы Ади Шарипов көчөсүндө өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге биринчи өрт өчүрүү бөлүмү 7 мүнөттө жеткен. Барган учурда 3 кабаттуу турак жайдын 1-кабаты жана жер төлөсү өрттөнүп жаткан. Өрттүн жалпы аянты болжолдуу түрдө 30 чарчы метрди түзөт. Көрүлгөн чаралардын аркасында өрт саат 06:22де толук өчүрүлгөн.

Чалгындоо жана өрттү өчүрүү учурунда алдын ала 13 каза болгон жаран аныкталган. Алардын аты-жөнү такталууда. Болжол менен алар иске ууланып каза болушкан. Жатаканада 72 адам болгон, 59 адам эвакуацияланган. Өрт болгон жерге Алматынын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 46 адам жана 13 техника тартылган.

Related posts

Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

admin

Садыр Жапаров: “Аскар Акаевди пенсия, күзөт жана башкалар кызыктырбайт деп ойлойм”

admin

Уулуу түтүн Нью-Делини каптады. Шаарда мектептер жабылып, жол кыймылы чектелди

admin

Комментарий