Алмаз Кулматов, тарыхчы: Кемпир-Абад маселесинде эмоцияга алдырбай, документтерге таянуу керек

«2022-жылы кыргыз-ɵзбек чек ара маселеси, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы коомчулуктун кɵңүл чордонунда болду. Кемпир-Абадды жана башка чек арадагы такталбаган аймактарды чечип алган эң жакшы. Жөнөкөй турмушта деле кошуна менен чек араны тактап алыш керек да. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын тɵрагасы коомчулуктагы активисттер менен жолугушуу болгонго чейин, бир аз убакыт пауза болуп калды, коомго так, туура маалыматтар жеткиликтүү болбой калып, ортодо башкача ɵңүттɵгү маалыматтар чыгып, айрым учурда бүдөмүк ойлор жаралды. Кийин Жогорку Кеңештин тармактык комитети, жалпы жыйында каралып, бардык маалыматтар: канча аянт, кайсы жерлер бизге берилери так айтылды. Ар бир мамлекет чек араны чечүүдө тактайт, эли, экономикасы, аянты, керек болсо тээ СССР убагындагы карталар да каралат. Айрым документтер жашыруун болду. Жогорку Кеңеш макулдашууларды колдоп берди, эми чечилди, маселе жок. Расмий маалыматтарга таянсак Шавкат Мирзиёев бизге келет жакында. Расмий түрдө документтерге кол коюлат, анан баары чечилип, маселеге чекит коюлат. Бул жерде айта кетейин дегеним, мамлекетке тиешелүү чек ара, жер маселесинде жеке кызыкчылыктарды пайдаланбоо керек. Маселени эмоцияга алдырбай, документтерге таянуу менен гана чечүү эки тарапка тең пайдалуу болот.

Related posts

Мэрия 2024-жылы Бишкектин борборунан маршруткаларды алууну пландап жатат

admin

УКМК: Шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча депутаттыкка талапкер аныкталды – ВИДЕО 

admin

28-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий