Алтын үчүн күрөштө Акжол Махмудов жеңилүү ызасын тартып калды

Бишкекте өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда Акжол Махмудов күмүш медаль жеңди.

Ал 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштаган. Турнирдин алгачкы беттешинде казакстандык Ибрагим Магомадов менен кез келип, Махмудов жеңди.

Жарым финалдык беттеште кыргызстандыктын атаандашы ирандык 21 жаштагы Амир Али Абди болду. Махмудов 1 мүнөт 59 секундда мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, финалга өттү, анын финалдагы атаандашы япониялык спортчу болду. Махмудов Нао Кусакага 4:2 эсебинде жеңилип калды. 

Related posts

Аба ырайы. Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

admin

Айтмат Азамжанович: “Түрк дүйнөсүндө улут сыймыктары Молдо Нияз менен Төрөкул Айтматов даңазаланат” 

admin

Жапаров Бакиевди Кыргызстанга алып келүүгө кызыкдар эмес экенин айтты

admin

Комментарий