Алымкадыр Бейшеналиев жаңы дайындоодон кийин үн катты

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткармай болгон Алымкадыр Бейшеналиев кызматты ээлеп турган кезде баштаган реформаларды уланта турганын Sputnik кабарчысына билдирди.

Эскерте кетсек, Бейшеналиев аталган кызматка кайрадан бүгүн президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен дайындалды. Талапкерлиги Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү, парламент колдоп берсе ведомствону толук кандуу жетектеп калат.

«Эл үчүн иштейм, 2021-жылы башталган реформаларды улантам. Жакшы эле жүрчүмүн. Академик менен академиктей, министр менен министрдей, сантехник менен сантехниктей сүйлөшчүмүн», — деди ал.

Бейшеналиев бул кызматка экинчи ирет кайтып келип жатат. 2022-жылдын июнь айында Башкы прокуратура Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогонун билдирген. Бирөө коррупция фактысы боюнча, экөө пара талап кылуу, төртөө кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу жана пайдасыз келишим түзүү болчу.

Мындан кийин президент министрдин кармалышын изилдөө боюнча комиссия түзгөн. Кийинчерээк ал башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Бейшеналиевди кызматтарынан убактылуу четтеткен. Буга алардын ортосундагы пикир келишпестик себеп болгон. Зулушев бир нече убактан кийин ишине кайткан.

2022-жылдын 19-августунда Бейшеналиевди иштен алган. Бирок ошол эле күнү «Алтын балалык» реабилитациялык борборуна директор болуп дайындалганы белгилүү болгон. Бир жылдан кийин ал кайра министрликке кайтты. Өткөн жылдын күз айларында ага карата козголгон кылмыш иштин баары токтогону кабарланган.

Related posts

Бийлик Каракол паркын Ала-Арча сейил багындай өнүктүрүүгө белсенүүдө

admin

Садыр Жапаров  иш сапары менен Францияга барат

admin

Белгилүү журналист, публицист Мундузбек Тентимишев “Даңк” медалын алды

admin

Комментарий