Алып баруучу Айзада Жамгырчиева турмуш жолуна аттанат. Ал социалдык тармактагы баракчасына сөйкө салуу салты болуп өткөнүн жазып, видео менен бөлүштү.
“Жашоомдун жаңы баракчалары… Сөйкө салуу аземи туулган жерим Таласта өткөн”,- деп жазган алып баруучу сүйүктүүсүн ачыктай элек.