«Анча-мынча тентектер чыгып жатат»: Садыр Жапаров кайрылуу жасады

Садыр Жапаров социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады.

Анын билдирүүсү:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Акыркы жылдары биздин өлкөгө чет мамлекеттерден инвесторлор көп келе башташты. Албетте, бул бизди абдан кубандырат. Себеби сырттан инвестиция кирбесе, өлкөнүн өнүгүшү кыйын.

Тилекке каршы, айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып, алар арыз жазып жатышат.

Албетте, күч органдары андайларды камакка алып, инвестордун акчасын кайтарып берүүдө. Бул аларга ашыкча түйшүк жаратып, өлкөбүздүн аброюн түшүрүүдө.

Урматтуу мекендештер!

Кыргызда “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат.

Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды.

Инвесторлорго эскертүү:

Колуңардан келишинче мамлекеттик мекемелер менен, мисалы, Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу боюнча агенттиги, облус, район, айыл өкмөт башчылары аркылуу иштесеңиздер ишенимдүү болот эле.

Ал эми урматтуу жетекчилер, силер дагы инвесторлор менен тыгыз иштегиле.

“Убактым жок. Эртең кел, бүрсүгүнү кел” деген сыяктуу бюрократиялар болбосун.

Ар бириңердин ишиңерге силердин аймакка келген инвестордун санынан жана көлөмүнөн улам баа беребиз».

Related posts

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту

admin

Бишкекте жаңы №101 автобус каттамы ишке кирди

admin

Садыр Жапаров: Чек араны бүгүн чечпесек, кийин оор болот

admin

Комментарий