Анкарада министрликтин имаратына барган террорчулар жок кылынды

Түркиянын Ички иштер министрлигинин Башкы коопсуздук башкармалыгынын имаратына кол салуу болду. Теракт аракети жасалганын Haberler.com жарыялады.

Имаратка автоунаа менен 2 эркек киши барган. Алардын бири өзүн жардырса, экинчи террорчуга коопсуздук кызматы тарабынан ок атылды.

Террорчуларды министрликтин имаратына жеткирген автоунаа атайын адистер тарабынан текшерилип жатат.

Related posts

Дыйкан-фермер чарбаларды 2030-жылга чейин 424 кооперативге бириктирүү пландалууда

admin

«Манас» аэропортуна биринчи Инчхон-Бишкек-Загреб багыты боюнча транзиттик каттам аткарылды

admin

Кыргызстандан Казакстанга Пакистандын жарандарын мыйзамсыз өткөрүп жүргөндөр кармалды

admin

Комментарий