Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Прокурор шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну сурады

Прокурор Бишкекте 3 адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашираливди өмүр бою эркинен ажыратууну сурады.

«Спутник» жазгандай, анын мүлкү конфискацияланып, өзгөчө тартиптеги колонияга киргизүү зарыл деп эсептейт. Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, Алтынай Канзамановага 9 жолу бычак сайган. Андан баласы бар экенин мыйзамдуу аялы билген эмес.

“Маркум экөөнүн ортосунда акча аласа-бересеси болгон. Хамзаманова Аширалиевге гана эмес, тааныштарына да акча берип жүргөн. Аудиодо Хамзаманова “аялыңа айтам” дегенде Аширалиев «доиграешься» дегени бар. Мына максатына жетти”, — деди прокурор.

Адвокат дагы айыпталуучуну өмүр боюга кесүүнү сурап, 4 миллион 600 миң сом компенсация төлөп берүүнү талап кылды.

Related posts

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Ош облусуна барат

admin

Быйыл кызыл аттестатты эң көп Бишкектин бүтүрүүчүлөрү алышат

admin

31-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий