«Ар бир малдан 100 сомдон алышат экен». Жанар Акаев Ветеринардык кызматтагы коррупция жөнүндө

Оштон Өзбекстанга мал экспорттогондордон Ветеринардык кызмат ар бир мал үчүн 100 сомдон алат. Бул тууралуу бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, Өзбекстанга жумасына дээрлик 15-20 миңге жакын мал экспорттолот.

«Ошол жерден Ветеринария кызматынын жетекчисине деп бир баш малдан 100 сомдон чогултулат экен. Муну бир нече ишкер тастыктады. Камчыбек Кыдыршаевичке да кайрылам, бул жигитке тез арада чара көрүңүздөр”, — деди Акаев.

Related posts

КР КК Улуттук гвардиясында окуучулар үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

admin

Жолдо ваннада жатып алып, шарап ичкен казак блогерин 15 суткага камашты

admin

Бишкекте «Мыкты айдоочу» сынагы өттү. Аны ким жеңди?

admin

Комментарий