Араван районундагы мектептин мурдагы директору кармалды

Билим берүү мекемелеринин биринде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Араван районундагы мектептин мурдагы директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 30-июнундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө» токтому бар. Бюджеттик каражаттардын эсебинен билим алган жарандар бөлүштүрүүгө ылайык ишке жиберилүүгө тийиш.

Тактап айтканда, Ош мамлекеттик университетинин 3-башкармалыгынын кызматкерлери университетти гранттык негизде аяктаган айрым бүтүрүүчүлөр Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү мекемелеринин кызмат адамдары менен ич ара сүйлөшүп, мыйзамсыз жол менен аталган билим берүү мекемелериндеги эмгек стажы тууралуу эмгек китепчесин алышканын аныкташкан.

1996-жылы туулган Э.Э. аттуу жаран 2018-жылы Ош Мамлекеттик университетин аяктап, Араван районундагы мектептердин биринин директору 1984-жылы туулган Э.М. менен ич ара сүйлөшүп, төмөнкү жагдайларда мыйзам бузуу менен мыйзамсыз эмгек китепчесин алганы аныкталды.

Мектептин директору Э.М. мектепте мугалим болуп иштебегенине карабастан, 2019-жылдан 2023-жылга чейин жалган буйруктарды каттоо журналына бош орунга жазып койгон.

Ошондой эле эмгек китепчесине тарых мугалими болуп жумушка орношкону тууралуу жазуу киргизген. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында Э.Э. жаран Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде болгон. Факты боюнча Ош ОИИБдин Тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Мектептин мурдагы директору  Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып, кылмыш иши боюнча кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.

Related posts

Бишкекте «көпөлөк» рейди жүрө баштагандан тарта 1600дөн ашык кыз аныкталган (видео)

admin

Жапаров: Кыргызстан сууну майнаптуу пайдалануу боюнча маселеге өзгөчө маани берет

admin

Ноокатта 15 жаштагы өспүрүм асынып, каза болду

admin

Комментарий