“Арча-Бешик” конушуна суу берилди

Бүгүн, 8-июнга караган түнү “Арча-Бешик” конушуна суу келди, тургундар бакчаларын сугарып башташты. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Конуштун жашоочулары дароо чарбактарын ичүүчү суу менен сугарып башташты. Борбор калаанын мэринин орун басары Жыргылбек Шамыралиев жооптуу шаардык кызматтар менен биргеликте суунун келишин текшерип, сугат иштери менен алектенген тургундарды аныктоодо.

Кечээ, 7-июнда Арча-Бешик конушунун тургундары Түштүк магистралды буушту деген видео тарап, алар суу көйгөйүн чечип берүүнү талап кылышкан болчу.

Related posts

Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо кайра башталды (видео)

admin

Социалдык тармактардагы видеодо аял кишинин спбаган милиция кызматкери кармалды

admin

30-31-июлда тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

admin

Комментарий