Арстан Алайдын өлүмү боюнча жаңы маалымат

Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин (Арстан Алай) жансыз денеси бүгүн, 5-январда саат 05:15 чамасында №31 түзөтүү мекемесинин ашканасында табылган. Жаза аткаруу кызматынын расмий маалыматы боюнча, маркумдун денеси асылып турган.

А.Абдылдаев 2023-жылдын 15-декабрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (диний кастыкты козутуу) менен УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.

16-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту баш коргоо чарасын карап, №1 тергөө абагына 2024-жылдын 15-январына чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

ЖАКтын маалыматы боюнча, 28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасы менен А.Абдылдаев («Инсанияттын такталбаган психатикалык бузулушу, галлюцинация») №31 дарылоо мекемесине жеткирилген.

«29-декабрда №31 мекемеге келгенден кийин А.Абдылдаев мезгил-мезгили менен жүрөгү ооруп, башы ооруп, кулагы шуулдап, ашказаны ооруп (тамактангандан кийин), тез-тез чарчап калганына арызданып, дарыгерлерге кайрылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала: «Такталбаган психотикалык инсандык бузулуу . Коронардык жүрөк оорусу. Өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору» деп аныкталган. Клиникалык диагнозду тактоо үчүн кардиологдун, гастроэнтерологдун кеңешин жана врач-психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.

5-январда саат 04:52 чамасында айыпталуучу А.Абдылдаев ЖАКтын дарылоо мекемесинин ашкана бөлүмүнө кирип, болжол менен саат 05:15те асылган абалда табылган. Жансыз денени алгачкы кароодо жаракаттар табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп айтылат ЖАКтын расмий маалыматында.

Related posts

Камакка алынган активист Ырыс Жекшеналиев артында “заказчиктер” болгонун мойнуна алды

admin

Садыр Жапаров эл аралык Астана форумуна катышууда

admin

Кыргызстандын аймагында күн ачык болот

admin

Комментарий