Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Арстанбап айылында болуп өткөн селдин себептери жана шарттары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдары тарабынан 2006-2019-жылдар аралыгында суу коргоо зонасында жайгашкан 15 жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Андан соң Арстанбап-Сай дарыясынын жээгинде бир катар соода объектилери курулган.
2024-жылдын 23-июлунда болгон селдин кесепетинен Арстанбап-Сай дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен ички чарбалык жолдордо сел жүрүп, имараттарды, соода объектилерди жана турак жайларды сел каптап, аймакта өзгөчө кырдаал абалы түзүлгөн. Башкача айтканда, Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жана жеке жактарга 24 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.