Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандын жаштар арасындагы (U-20) грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Испанияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болду.

20 жашка чейинки спортчулардын арасындагы мелдештер 2-сентябрь күнү Понтеведра шаарында башталган. Асан Жанышов 87 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде 1/8 финалдык баскычтан баштап, катары менен Грузия, Швеция жана Румыния өлкөсүнөн келген спортчуларды жеңип финалга чыккан. Чечүүчү финалдык беттеште азербайжандык Жожу Самадов аттуу балбанды 8:0 ири эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, Дүйнө чемпиону аталды. Жанышов 2023-жылы Иорданияда өткөн Дүйнө чемпионатында коло байгеге татыган.

Related posts

Гүлбү Ороскул кызы көзү тирүү болгондо бүгүн 47 жашка чыкмак

admin

Оштун Куршаб айылындагы мечиттен өрт чыкты

admin

Садыр Жапаров Таласта “Асыл” спорт комплексин ачты (видео)

admin

Комментарий