Аскарбек Жаныбеков: дыйкан-фермерлерге 3,4 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилди

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Кыргызстан өзүн маанилүү тогуз азык менен камсыздоого бел байлап жатканын айтты.

Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тамак-аштын эң маанилүү тогуз түрү аныкталып, аны кластердик ыкма менен өнүктүрүү каралган. Учурда кластерлерди каржылоонун алкагында дыйкандарга 3,4 миллиард сом берилди. Бул тууралуу Аскарбек Жаныбеков Sputnik — Кыргызстан радиосуна  маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыяларды берүү жана каржылоо, анын ичинде каражатты ислам принциптерине ылайык сунуштоо үчүн «Айыл Банк» жана «РСК Банкка» 10 миллиард сом бөлүнгөн.

«Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн тамак-аштын эң керектүү тогуз түрү аныкталган. Министрлер кабинетинин чечими менен «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоору бекитилип, жеңилдетилген кредиттерди берүү жана каржылоо, анын ичинде каражатты ислам принциптерине ылайык сунуштоо үчүн «Айыл Банк» менен «РСК Банкка» 10 миллиард сом бөлүнгөн. Учурда кластерлерди каржылоонун алкагында дыйкандарга 3,4 миллиард сом берилди. Кыргызстан өзүн маанилүү тогуз азык менен камсыздоого бел байлап жатат. Алар эт продукциясы, сүт продукциясы, ун, кант, өсүмдүк майы, жашылча-жемиштер», — деди Жаныбеков.

Ошондой эле аткаминер Кыргызстан учурда маанилүү азыктар — картошка, сүт жана жашылча менен гана өзүн толук камсыздай аларын кошумчалады.

Булак: Sputnik.kg

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Энергетика министрлигиндеги айрым кызматкерлер тарабынан жасалган мыйзам бузуулардын натыйжасында мамлекетке 22 миллион сом, ал эми кылмыш иштери боюнча жалпысынан 889 миллион сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, прокуратура министрликти текшерип, жыйынтыгында мекемеде жана анын түзүмдүк уюмдарында мыйзамдар, президенттин жарлыктары, Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин талаптары бузулганы аныкталган.

«Бул боюнча прокуратура органдары 132 прокурордук чара көрүү актысын киргизип, мамлекетке 22 миллион 150 миң 218 сом өндүрүлгөн. Мындан тышкары, Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштардын негизинде 32 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 889 миллион 54 миң 197 сомду түздү», — деп айтылат маалыматта.

Sp

Related posts

Түрмөдөн качып, издөөдө жүргөн шектүү кармалды

admin

«Кумтөр Голд Компани» эки жерде жаңы кендерди ачты 

admin

Садыр Жапаров Рахим Ага Хан ханзааданы кабыл алды

admin

Комментарий