Аскат Абылаев «Кыргызстан улуттук электр тармагынын» директорлор кеңешине кошулду

Абылаев Аскат Муратович «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешине кирди. Бул тууралуу Кыргыз фонд биржасы билдирди.

Тиешелүү чечим 19-сентябрда директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кыргыз фонд биржасы Абылаевде «Кыргызстан улуттук электр тармагында» үлүшү жок экенин белгиледи.

Андан тышкары Абылаев 2022-жылдан бери «Бишкек жылуулук тармагы» мекемесинин директорунун орун басары кызматын ээлейт.

Related posts

«Сосновка» постунда жүк ташыган унаалар үчүн чектөө киргизилди

admin

«Эл-журтка уят болуудан алыс болуңуздар». ИИМдин башчысы жаңы жетекчилерге кайрылды 

admin

Айгерим Расул кызы «Дүйнө айымы» аталды

admin

Комментарий