Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айыл аймагында жаңы атайын техникаларды сатып алууда мамлекетке 5 млн 363 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Мекеменин маалыматына караганда, мыйзамсыз пайдалануу жана бюджеттик каражаттарды максатсыз сарптоо фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында тиешелүү мыйзам бузуулар ачыкка чыккан.
Такталгандай, 2025-жылдын апрель айында Ат-Башы айыл аймагында жаңы таштанды ташуучу унаа жана кран-манипулятор сатып алуу боюнча тендер жарыяланып, анын жыйынтыгында «В.» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, 10 млн 863 миң сомго келишим түзүлгөн. Аталган техникалар «Ат-Башы Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлгөн.
Экспертизанын жыйынтыгында тендер аркылуу алынган таштанды ташуучу унаанын шасси номери өзгөртүлгөнү, унаа 2019-жылдагы тетиктер менен чогултулганы жана кабинасы кайра сырдалганы аныкталган.
УКМКда белгилешкендей, көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, анын ордуна 2025-жылы чыгарылган, тендердин талаптарына жооп берген «DONGFENG» үлгүсүндөгү жаңы таштанды ташуучу унаа алынып келинген.