Аткаминерлер салыктан кантип качып жатат. Депутаттын түкшүмөлү

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков парламентте аткаминерлердин салыктан качып жатканы боюнча түкшүмөлүн айтты. Ал Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиевден декларация толтурууда канча мал сатылганын көрсөтөрүн сурады.

Депутат былтыр бир катар аткаминерлердин декларациясын карап чыккандан кийин, алар миллиондогон сомдорго асыл тукум мал саткандыгын көрсөтүшкөнүн белгиледи. Таштанбеков, мындай декларациялар салыктан качуу максатында жалган маалыматтарды көрсөтүү менен тапшырылганын айтты. Ал башка кирешелерди көрсөтүп коюу үчүн мал сатуу тууралуу жалган маалыматтарды жазышарын да кошумчалады.

Министрдин орун басары Жаныбек Керималиев өзүнүн жеке тажрыйбасынан мисал келтирип, батир сатып алуучу учурда бал челектерин сатканын айтып, бирок чындап эле аары кармай турганын белгиледи. Депутат болсо күлүп: «Сиздики бар да, бир-эки таанышым жылкыларды аябай ‘сатыптыр’ да», — деп жыйынтыктады.

Related posts

Кайрат Примбердиев Бишкекте 100дөн ашуун окуучу менен жолугуп, суроолоруна жооп берди

admin

Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга жөнөп кетти

admin

ӨКМ дагы бир тик учак сатып алууну пландап жатат

admin

Комментарий