Автобус албайт белеңиз? Бишкек мэриясы аукцион өткөрөт

Колдонуудан чыккан автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти президент Садыр Жапаровдун дагы келе турган автобустарды жайгаштыруу (автобазанын аймагын бошотуу, кеңейтүү) үчүн эскилиги жеткен автотранспорт каражаттарын утилизациялоо жөнүндөгү тапшырмасын аткаруу максатында, 27-ноябрда “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын жана Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын автобазасынын балансындагы эскилиги жеткен 165 даана автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион жарыялайт.

Ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн арыз ээси департаментке төмөндөгү документтерди тапшыруусу зарыл:

— ЛОТтун номерин көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;

— жеке арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документ;

— арыз берүүчү юридикалык жактын жетекчиси экендигин ырастоочу документ же жеке адамдын же юридикалык жактын-арыз берүүчүнүн атынан иш алып баруу укугуна ишеним кат;

— кепилдик төлөмдүн (депозиттин) төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документтери.

Арыздар 13-ноябрга чейин Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246 дареги боюнча кабыл алынат.

Related posts

Садыр Жапаров расмий сапар менен Австрияга барды

admin

Тоңдо аксакал 60 жаш тоюн бербей, окуучуларга китеп сатып берди

admin

Сузакта Портер манас айтууга чогулган 29 баланы сүзүп кетти

admin

Комментарий