Азербайжан Тоолуу Карабахтагы операциясын ийгиликтүү аяктап, суверендүүлүгүн калыбына келтирди, — Ильхам Алиев

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Тоолуу Карабахтагы операциянын жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады. Ал Азербайжан өз суверендүүлүгүн калыбына келтиргенин белгиледи. Ошондой эле Армениянын Тоолуу Карабахтагы армиясынын көпчүлүк бөлүгү жок кылынганын айтты.

Алиев 2020-жылдын ноябрында түзүлгөн макулдашууга карабай, Армения 3 жыл бою өз куралдуу күчтөрүн Азербайжандын аймагынан чыгарбай келгенин билдирди. Ошондой эле эгерде Карабахтагы куралчан адамдар багынбаганда Азербайжан аягына чейин бармак экенин кошумчалады.

Алиев операциянын алдында Карабахтагы армяндарга сокку урбоону талап кылганын айтты.

«Жарандык инфраструктура талкаланбашы керек экени, бирок аскердик инфраструктура жок кылынышы зарыл экени айтылган», — деди Алиев.

Ал Армениянын бийлиги саясий компетенттүүлүгүн көрсөткөнүн жана бул тынчтык келишимин түзүүгө үмүт берерин айтты.

19-сентябрда күндүз Азербайжан Тоолуу Карабахта антитеррористтик иш-чараларды баштаганын жар салган. Андан кийин Тоолуу Карабах жана анын борбор калаасы Степанакертке сокку урулган.

Азербайжан көз карандысыздыгы таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын өкмөтүн жоюуну жана Карабахтан Армениянын аскерлерин чыгарууну талап кылган.

Бирок Армениянын премьер-министри Тоолуу Карабахта алардын аскерлери жок экенин билдирген.

20-сентябрда Тоолуу Карабахтын бийлиги жана Азербайжан ок атууну токтотуу жөнүндө макулдашышканын жарыялашты. Ал макулдашуу боюнча Карабахтан Армениянын аскерлери чыгарылат. Ошондой эле Карабахтын куралдуу күчтөрү жоюлат.

Пашинян Армения бул макулдашууну талкуулого катышпаганын билдирди.

Related posts

«Жыл аягына чейин 12 объект ишке берилгени жатат». Ташиев АФК президентин кабыл алды

admin

Бишкекте мамлекеттик кызматка кирүүнү каалаган жаран 5 миң доллар берип, алданып калганын билген

admin

Кыргызстанда бир аптада коронавирустун 35 учуру катталды 

admin

Комментарий