АӨБ Кыргызстанга 50 млн доллар бөлөт

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууну жактырды.

Парламенттен билдиришкендей, экинчи окууда мыйзам долбоору боюнча финансы министринин орун басары Руслан Татиков маалыматты берди.

Ал белгилегендей, программа дүйнөдөгү геосаясий туруксуздук менен байланышкан жаңы каатчылыктын калктын, өзгөчө калктын аялуу катмарынын кирешелерине, экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жана макроэкономикалык туруктуулукка терс таасирин азайтуу үчүн багытталган. Бул программаны ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы бюджетти колдоого 50 млн доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтөт, анын 25 млн доллары грант жана 25 млн доллары насыя. Бул каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталмакчы.

Талкууда депутат Айбек Осмонов кредиттик жана гранттык каражаттардын бөлүнүшүнө кызыкты.

Буга Татиков 50 млн доллар өлчөмүндөгү каржылык каражаттар энергетика тармагына, 6-9 млрд сомго чейин Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алууга багытталарын белгиледи.

Related posts

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун жана террордук топтун мүчөлөрүнүн куралдарынын жашыруун жайы аныкталды

admin

КР УКМК: 7000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен адвокат «А.С.А.» кармалды

admin

Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна таш кулап, жолду жаап калды

admin

Комментарий