Бүгүн Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт 

Бүгүн, 7-мартта Бишкектин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең саат 9:00дөн 15:00гө чейин аталган конуштардагы турак жай имараттары, мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат.

Суу «Энесай» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдардан жана калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат

Related posts

УКМК: Спорт стадиону мамлекетке кайтарылды

admin

«Ну-ка, все вместе!» долбоорунда 2-орунду алган Азат Раимбердиев кайрылуу жасады

admin

УКМК: «Таластагы Жалпы медициналык борбордогу кызматкерлердин эмгек акысын жетекчилик алып жүргөн» 

admin

Комментарий