Бүгүн Ош шаарынан ажылык сапарга алгачкы топ жөнөп кетет

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Ош шаарынын казысы Мирланбек Токтомушев башында турган Ош шаардык казыятынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Анын алкагында Ош шаарынын диний чөйрөсүндө жасалып жаткан иштер боюнча пикир алышты. Муфтий диний багытта ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн, шаар бийлигине ыраазычылыгын билдирди. Шаар башчысы Ош мэриясы мындан ары дагы ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн белгилеп, ажылык сапарга аттанган шаар тургундарын коштоп баруучу ажы башчыларга ак жол каалады.

Бүгүн, 30-май күнү ажылык сапарга өлкө аймагы боюнча Ош шаарынан алгачкы топ сапар тартат. Жалпы Кыргызстан боюнча 6080, ал эми Ош шаары боюнча 600гө жакын адам ажылык зыяратка жолдомо алышкан.

Related posts

Статком: Электр энергиясынын жоготуулары болжол менен 2,4 млрд кВт/саат

admin

Мексикада түнкү клубдун айнек балкону сынып кетип, 3 адам каза болду

admin

13-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий